Быйыл жыл башынан бери 1 379 өрт кырсыгы катталды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайызга өскөн. Ал эми чыгымы 55 пайызга көп. Жүргүзүлгөн анализдерге ылайык, өрт Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталды. Өрт жаш балдардын өрт менен ойноосунан, тамеки чегүүдө этиятсыздыктан жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандан улам келип чыгууда. Өрттү алдын алуу үчүн жыл сайын буйруккаылайык мамлекеттик жана социалдык мекемемлерде өрт коопсуздугу көзөмөлдөнөт. Быйыл республика боюнча 391 мамлкекеттик оорукананын өрт коопсуздугу текшерилди.
Бул тууралуу ӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алууну анализдөө бөлүмүнүн башчысы Максатбек Нурматов жана ушул министрликке караштуу өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын бөлүм башчысы Хашимжан Абдрахманов маалымдады.