ЕАЭБде жумушсуздукту жоюу боюнча Кыргызстан алдыда – Элди ишти менен камсыздоо үчүн кандай долбоорлор даярдалды?

Sputnik
Кыргызстан 2021-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Республика Евразия экономикалык биримдигиндеги эмгек рыногундагы абалды жакшыртуу темптери боюнча экинчи орунга чыккан. ЕАЭБ рейтингине ылайык, Кыргызстандагы жумушсуздук деңгээли 2021-жылы 6,3 пайыз болсо, 2023-жылы 4,1 пайызга чейин төмөндөгөн. Мындан жогорку көрсөткүч Арменияда гана катталган.
Бүгүнкү “Күн башат” программасында өлкөдөгү жумушсуздукту жоюу багытындагы иштер жана анын натыйлары тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Саадаткүл Мукамбетова жана Улуттук статистика комитетинин Эмгек жана иш менен камсыздоо статистикасы бөлүмүнүн бөлүм башчысы Гульнара Джайлобаева жооп берди.