БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет 16-июндан 22-июнга чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу божомолду таратты.
Ага ылайык, 20-июнда көпчүлүк аймактарда жаан-чачындуу болот. Калган күндөрү түнкүсүн аз-маз жаан себелегени болбосо, тоолуу райондордо гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 19-20-июнда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Чүй жана Талас облустары
Тоолуу райондордо дээрлик күн сайын өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда 16-19-июнда жаан-чачын болбойт, 20-22-июнда айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Өрөөндөрдө аба ырайы туруктуу болот. Жаан-чачын негизинен тоо этектеринде жана тоолуу райондордо болору божомолдонууда. 20-22-июнда дыйканчылык аймактарда да өткүн өтүшү ыктымал.
Нарын жана Ысык-Көл облустары
Бул аймактарда жума бою ар кандай интенсивдүүлүк менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 17-20-июнда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бирок тоолуу аймактарда бул күндөрү дагы жамгыр себелейт.