Тубаса рак оорусу менен төрөлгөндөр бар. Балдар онкологунун баяны

Кыргызстанда жылына балдардын рак оорусуна кабылган 200 учур катталат. Бул тууралуу балдар онкологу Султан Стамбеков бизге курган маегинде айтты. Адис айрым балдардын дарты тубаса болсо, кээде он күндөн кийин да илдетти илештирип алгандар болоруна токтолду.
Sputnik
"Бала деген бала да. Канчалык оор дарылоо болбосун, бир аздан кийин карасаң кайра эле күлүп, ойноп жаткан болот", – деди дарыгер.
Стамбеков эмгек жолунда туш болгон ары кызыктуу, ары кейиштүү окуяларын дагы баяндады.
"Ал балада Даун синдрому, жүрөгүндө кемтиктери да бар эле. Үч-төрт операциядан өтүп лейкоз да болуп калыптыр. Даун синдрому бар балдарды дарылоо ыкмасы башкачараак. Анткени химияда колдонгон дарылар жүрөккө таасир этет. Аларга дозасы азайтып берилет. Бизге түндө түштү, өтө оор абалда, жүрөгү жакшы иштебей калыптыр. Дароо реанимацияга алып кирдим, байкуш бала улам-улам өзүн жоготуп жатты. Болгон дарынын баарын жазып берип дарылай баштаганда көп жыйынтык сезилген жок. Анан түнкү саат бирде спортчулар ичкен допингди берип көрөйүн деген чечимге келдим. Ошону жасап коюп баланы карап отургам, бир кезде уктап кетиптирмин. Чочуп саат жетиде ойгонуп кеттим, карасам жанагы балам күлүп, жылмайып мени карап, сүрөт тартып отурат. Кислородду алып коюптур", — деди онколог.
Стамбеков кебин көзү ачыктарга ишенген аялдар менен улап, айрым энелер аларга ишенип жүрүп чүрпөсүн өлүмгө кептээрин айтып берди.
Тема боюнча:
Кемирчеги калбай калганда келишет. Ортопеддин муундарга протез коюу тууралуу маеги
СМА эмне болгон оору, кесепети кандай? Адистин видеомаеги