БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Аткаминер сөгүш алса чет өлкөгө сапары чектелип, сый акысы берилбейт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ал мамлекеттик жана муниципалдык (саясий жана атайын) кызмат орундарын жөнгө салууга багытталган.
Ошондой эле жарлык президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарына тиешеси жок экени айтылган.
Документтеги негизги пунктулар:
30 күндүк эс алууга стажына жараша кошумча күндөр (5 жылдан ашык стаж үчүн 2 күн, 10 жылдан ашса 4 күн ж.б.) берилет;
илимий, педагогикалык же чыгармачыл иш менен алектенүүгө уруксат;
бир эле учурда бир нече саясий же атайын кызмат орундарын ээлөөгө, ишкердик менен алектенүүгө, мыйзамда каралбаган сыйлык, белектерди алууга жана саясий партиялардын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат;
жакын туугандары менен түз баш ийүү же көзөмөлдөө мамилесинде болууга болбойт;
жаза алган кызматкер сый акыдан жана чет өлкөгө иш сапарлардан чектелет (бир кварталга);
кызмат убагында жабыркаган учурда 500 миң сом, каза болгон учурда 1 миллион сом кенемте төлөнт;
кызматтан бошотулганда (эгер жаңы жумушка өтпөсө) үч айлык орточо эмгек акы төлөнөт.