Путин Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда өтө турган эл аралык экономикалык форумга катышып, алдыңкы маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугат. Бул тууралуу "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасында белгилүү болду.
"Петербург эл аралык экономикалык форумдун программасы абдан кеңири. Эл аралык байланыштар, дүйнөлүк маалымат агенттиктеринин журналисттери менен жолугушуу каралган", — деп айтылды Путиндин кийинки жумадагы графиги боюнча маалымат берилип жатып.
ПЭЭФ-2025 18-июнда башталып, 21-июнда соңуна чыгат. РИА Новости — форумдун маалыматтык өнөктөшү.
Путин: билим берүү салттардын ар түрдүүлүгүн колдоого тийиш