БИШКЕК, 15-июн. – Sputnik. Молдовада полиция ЛГБТга* каршы жүрүштүн катышуучуларын күч менен кубалады.
Sputnik Молдованын жазганына караганда, Кишиневдо ЛГБТны колдогондордун жүрүшү мэрдин уруксатысыз өткөн. Анын катышуучулары машина жүргөн трасса менен басып, кыймылга тоскоолдук жараткан.
Буга нааразы болгон православдык динчилдердин колоннасы да жүрүш өтүп жаткан жерди көздөй бет алган. Аларды полициянын курчоосу токтоткон. Динчилдер полицияга “Уят!” деп кыйкыра башташкан. Кырдаал курчуп, тартип сакчылар катышуучуларды кармап кеткен.
Видеодон күч түзүмдөрү колунда кичинекей баласы бар адамды автобуска түртүп, дин кызматкерин жерге жаткыра чапканын көрүүгө болот. Ал эми жол кыймылына тоскоолдук жаратып жаткан ЛГБТнын жактоочуларына полиция тийишкен эмес.
Кадрлар дароо интернетке тарап, саясатчылар менен катардагы жарандардын нааразылыгын жаратты. “Кайра жаралуу” оппозициялык партиясынын лидери Наталья Параска Молдованын полициясы кимге кызмат кылып жатат деп суроо салды.
*Кыймыл экстремисттик деп таанылып, Россия Федерациясында тыюу салынган