БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кишиневдун борборунда ЛГБТга* каршы акция учурунда полиция кызматкерлери атасынын колунан баланы жулуп алышкан.
Окуянын видеосун Молдованын ЖМКлары Telegram каналдарында жарыялашты.
Кадрлардан полиция кызматкерлери кишини жулкулдатып жатканда анын колундагы бала башы менен асфальтка тийгенин көрүүгө болот.
Бүгүн Молдовада ЛГБТнын жактоочуларынын жөө жүрүшү мэрдин уруксатысыз өттү. Анын катышуучулары машина жүргөн жол менен басып, кыймылга тоскоолдук жараткан. Буга нааразы болгон православдык динчилдердин колоннасы да жүрүш өтүп жаткан жерди көздөй бет алган. Аларды полициянын курчоосу токтоткон. Динчилдер полицияга “Уят!” деп кыйкыра башташкан. Кырдаал курчуп, тартип сакчылар катышуучуларды кармап кеткен.
Буга чейин Молдовадагы бир катар бейөкмөт уюмдар 15-июнда Кишиневдо ЛГБТ өкүлдөрүнүн парадын өткөрүү демилгеси менен чыгышкан. Өлкөнүн православ чиркөөсү бийликтен 2022-жылдан тарта ЛГБТ фестивалдарына жана жүрүштөрүнө тыюу салууну суранып келет.
* РФте экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган кыймыл