Иран өзөктүк куралдан баш тартууну кепилдеген келишимди түзүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Иран өлкөдө өзөктүк куралдын болбошун кепилдеген келишимди түзүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Аббас Аракчи элчилер менен жолугушууда билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, өзөктүк куралга ээ болуу өлкөнүн принциптерине туура келбейт.
“Иранда өзөктүк куралдын болбошун кепилдеген келишимдерди түзүүгө даярбыз. Анткени биздин принцип боюнча, аталган куралга тыюу салынган. Бирок максат Иранды өзөктүк укуктардан ажыратуу болсо, албетте, андайга биз макул эмеспиз”, — деген дипломат Иран телеси түз көрсөтүп жаткан иш-чарада.
Эскерте кетсек, Израиль менен Ирандын ортосундагы кандуу кагылышуу 13-июнь түнү башталган. Анда Израиль Ирандын өзөктүк программасына каршы чабуул коюп, натыйжада адамдар өлгөн. Кечээ Тегеран жооп иретинде жүздөгөн учкучсуз аппараттар менен Тель-Авивге сокку урду. Израиль да жоготууларга учураганы айтылды.
ШКУ Жакынкы Чыгыштагы абалга тынчсызданып, Израилдин Иранга соккусун айыптады