Трамп менен Путин келерки жумада Украина маселесин талкуулашат

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия президенти Владимир Путин менен Украина маселесин талкуулай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, буга чейин уюштурулган телефондук сүйлөшүүдө бул темага көп убакыт бөлүнбөй калган.
“Россия менен Украина маселеси азыраак талкууланды, бирок келерки жумага бул багытта сүйлөшүү жүргүзүү пландалды”, — деди Трамп Truth Social баракчасында.
РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Трамп менен Путин соңку сүйлөшүүсүндө негизинен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашканын жана аймактагы чыңалууга өзгөчө көңүл бурушканын билдирген. https://sputnik.kg/20250614/putin-menen-tramp-menen-telefondon-sylsht-1094644158.html Сүйлөшүү маалында Путин Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү ниетинде Москва 22-июндан кийин Стамбул келишимдеринин алкагында сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин белгилеген.
Бул арада Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучманын кеңешчиси болгон Олег Соскин Вашингтон менен Москванын ортосунда диалог жанданып жатканда Зеленский сүйлөшүүлөрдөн четтетилип калганын айткан.
“Трамп менен Путин акырындык менен жакындашып жатышат. Зеленский алар үчүн күн тартибинен чыгып калды”, — деди Соскин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Россия менен Украинанын жаңжалы — пилотсуз учактардын согушу