Бакен...таланты бааланбаган жылдыз

Sputnik
Өзүнүн чыгармачылык жолунда Бакен Кыдыкеева сахна жылдызы ар кандай бут тосууларга кабылып, эки жолу театрдан айдалып, ал жактан үч-төрт жылдай чыгып калган. Учурунда анын 60 жылга жакын эмгегине тиешелүү баа берилген эмес. Жеке жашоосунда да өйдө-ылдый болуп, 33 жаштагы кызынан айрылып калган. Кыргыздын карлыгач актрисасы 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.