БИШКЕК,14-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров кечээ, 13-июнда, Бишкекте "Алга" спорт комплексин ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы жаңы спорт комплексинин инфратүзүмүн, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдарын, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү, административдик имараттарды, ошондой эле 142 орундуу мейманкананы көрүп чыкты.
“Бүгүн ачылып жаткан спорттук жай, заманбап, көп тармактуу “Алга” спорт комплекси — алдыга койгон максаттарыбыздын четинен иш жүзүнө ашып жаткандыгынын ачык далили. Бул саамалык — калк саламаттыгы жана жаштардын өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүк”, — деди Жапаров ачылыш аземинде айткан сөзүндө.
Учурунда “Эмгек резерви” деп аталган бул спорттук комплекс 1954-жылы курулган. 7,4 гектарды ээлеген жай кийин кароосуз калып, эми толугу менен реконструкциядан өттү.