ТИМ: Казакстан президентинин Кыргызстанга расмий сапары даярдалууда

Sputnik
БИШКЕК,14-июн. — Sputnik. Астанада кыргыз-казак саясий консультациялары болуп, анда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо боюнча жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-транзиттик, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Ошондой эле кыргызстандыктардын Казакстанда жүрүү шартына байланыштуу маселелер да көтөрүлгөн.
Жолугушууда Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо, эки өлкөнүн мамлекет, өкмөт жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Коңшу мамлекет башчысынын өлкөгө качан келери айтылган эмес.
Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде лидер болду