БИШКЕК,14-июн. — Sputnik. Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, сынак эки этап менен өтмөкчү. Биринчиде текстинин долбоорлору тандалса, экинчи этапта текстке жараша музыкасы тандалат.
"1-этап боюнча (гимндин тексти) комиссия сынакка келип түшкөн чыгармаларды 25-июлга чейин карап чыгып, беш мыкты эмгекти тандап алмакчы. Ал эми музыкасы боюнча сынакка катыша турган чыгарманы 8-сентябрга чейин жөнөтүү зарыл", — деп жазылат маалыматта.
Министрликте сынак боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүп, анда министр сынакты ачык жана таза өткөрүү маанилүү экенин белгилеп, ар бир этап жогорку деңгээлде, кесипкөйлүк менен уюштурулушу керектигин кошумчалаган.
Буга чейин жарыяланган сынакка 703 сунуш түшүп, анын 285и каттоодон өткөн, бирок тандоо комиссиясы алардын ичинен бирөөнү да жактырган эмес.