БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Чет элдик бренддердин Россияга кайтышы боюнча маселеде рыноктогу абал эске алынат, россиялык бизнести бекемдөөгө жардам бербеген компаниялар биздин кызыкчылыкка дал келбейт. Бул тууралуу Россиянын биринчи вице-премьери Денис Мантуров РИА Новости агенттигине курган маегинде билдирди.
Интервью 18-21-июнь аралыгында өтө турган Петербург эл аралык экономикалык форумунун алдында уюштурулган.
"Биринчи кезекте өзүбүздүн өнөр жайыбызга карайбыз. Эгер чет элдик компаниядан бошогон тармакты россиялык өндүрүшчүлөр ээлеп алган болсо же россиялык бизнеске тоскоолдук жаратары байкалса, алгач рынокко сереп салабыз. Чет элдик компаниянын кайтышы жолтоо болсо же россиялык өндүрүштү бекемдөөгө шарт түзө албаса, анда кызыкчылыктарыбыз төп келбей калат", — деди Мантуров.
Россия бийлиги өлкөгө кайткан батыш компаниялары үчүн эч кандай артыкчылык берилбей турганын, алар атаандаштык негизде ишин баштоого даяр болушу керектигин эскертип келет. Президент Владимир Путин марттын соңунда өкмөткө Россиядан кетип калган компаниялардын тизмесин түзүп, алардын кайтуу процедурасын иштеп чыгууну тапшырган.
Ага чейин Мантуров бийлик ата мекендик рынокко өлкө кызыкдар болгон чет элдик компанияларды гана кайтарарын, мында ар бир учур дыкат караларын билдирген болчу.
РИА Новости — ПЭЭФ-2025тин маалыматтык өнөктөшү.