БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкектен Баткендин Раззаков шаарына дээрлик күн сайын учак каттай турганын "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Асман Эйрлайнс" компаниясынын учагы Бишкектен Раззаков шаарына каттамдарын көбөйткөн.
"Учактар бейшембиден башка күндөрү жумасына 6 жолу каттап турмакчы", — деп жазылат билдирмеде.
Билет баасы — 3600 сом.