БИШКЕК, 14-июн. —Sputnik. Бишкекте кичинекей кыз өлтүрүлүп, кылмышка анын 13 жаштагы бир тууган эжеси шектелип жатканын Октябрь РИИБинен кабарлашты.
Милицияга жашы жете элек кыз оор жаракат алды деген кабар бүгүн таңга маал саат 04:57де түшкөн.
"Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 2011-жылы туулган кыз мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда тартип сакчыларына жеткирилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.
Ишенимдүү булактардын айтымында, каза болгон кыз жети жашта болгон.