Кечээ Алайда барак үй өрттөнүп, 63 жаштагы аял каза болду

Sputnik
БИШКЕК,14-июн. — Sputnik. Кечээ Ош облусунун Алай районунда турак үй өрттөнүп, 63 жаштагы аял көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өрт барак тибиндеги 10 бөлмөлүү үйдөн чыккан, ал жакта 6 үй-бүлө (23 киши) жашачу. Өрт 348,2 чарчы метрди аянтты жалмаган.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды.
Жабыркагандар бар экени, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардан кабар алганы кошумчаланды.
Чүйдө сарайдан өрт чыгып 18 бука күйүп кеткен