БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө 30…35, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 30…35, Ысык-Көл жана Нарын жеринде 21…26 градус болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында 32…34 градусту көрсөтөт.