Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Садыр Жапаров кечээ,13-июнда, Бишкекте "Алга" спорт комплексин ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчы жаңы спорт комплексинин инфратүзүмүн, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдарын, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү, административдик имараттарды, ошондой эле 142 орундуу мейманкананы көрүп чыкты.“Бүгүн ачылып жаткан спорттук жай — заманбап, көп тармактуу “Алга” спорт комплекси алдыга койгон максаттарыбыздын четинен иш жүзүнө ашып жаткандыгынын ачык далили. Бул саамалык — калк саламаттыгы жана жаштардын өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүк”, — деди Жапаров ачылыш аземинде айткан сөзүндө. Учурунда “Эмгек резерви” деп аталган бул спорттук комплекс 1954-жылы курулган. 7,4 гектарды ээлеген жай кийин кароосуз калып, эми толугу менен реконструкциядан өттү.
Израиль менен Иран мамлекеттеринин ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Израилге баруудан баш тартууну сунуштады. Ал эми Израилдин аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына этият болуп, коопсуздук чараларын бекем сактоо эскертилди. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жарандар Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин, Израилдеги Ардактуу консулдугунун жана Тышкы иштер министрлигинин байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот. Эскерте кетсек, 13-июнга караган түнү Израиль Иранга абадан кол салды. Тегеранды кошкондо бир топ жер бомбаланган. Мунун кесепетинен Исламды коргоочулар корпусун башкарган Хосейн Салами, Хатам аль-Анбия Башкы штабынын жетекчиси Голам Али Рашиддин жана өзөктүк программа боюнча иштеген үч физик көз жумганы кабарланды.
Россиянын Сочи шаарында "Евразия-Кинофест" II эл аралык фестивалынын жабылыш аземи болуп өттүт. Иш-чарада 26 өлкөдөн даректүү жана көркөм тасмалар көрсөтүлдү. Быйыл фестивалга катышкандардын саны эки эсе көп болуп, Түркмөнстан, Пакистан, Германия, Бразилия жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр келген. Кинозалдарга миңдеген көрүүчү кирди. Кыска жана толук метраждуу 53 тасма ат салышты. Фестивалдын алкагында "Баатырлардын убагы/маалы" деген аталышта сынак уюштурулуп, анда кыргызстандык режиссерлордун "Эсимде" аттуу тасмасы жеңүүчү деп табылды. Элзар Кадырматов менен Бектурсун Арзыматовдун фильми Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларга арналган.
Россия президенти Владимир Путин Израилдин Иранга абадан жасаган чабуулунан улам эки өлкөнүн жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында маалымат Кремлдин сайтында жарыяланды. Пикир алышуунун урунттуу учурлары: Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкианга израилдик соккулардан улам жарандардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтты; Россия Израилдин БУУнун жоболорун жана эл аралык укуктарды бузган ишин айыптайт; Ошондой эле мындан ары да Иран менен Израилдин ортосундагы чатакты жөнгө салууга жардамын улантат; Путин Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен сүйлөшүүсүндө Ирандын өзөктүк программасына тиешелүү бардык маселени саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды; Россия президенти чатакты мындан ары да ырбатып жибербеш үчүн ортомчу болуп берүүгө даяр экенин билдирди; Россия тарап азыркы абалды жөнгө салуу үчүн Иран менен да, Израиль менен да тыгыз байланышта болот.