УКМК өзүнүн кызматкерин 200 миң доллар пара алды деген шек менен кармады

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. УКМКнын подполковниги 200 миң доллар алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Кабарга караганда, компаниялардын биринин ээси мамлекетке келтирилген зыяндын суммасын азайтуу максатында подполковникке 200 миң доллар берген.
Бирок УКМК кызматкери убадасын да аткарбай, акчаны да кайтарган эмес. 12-июнда ага карата "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча иш козголуп, кармалган.
Шектүү иштен бошотулганы кошумчаланды.
Нарында аялды кылмышка мыйзамсыз айыптады деген милиционер кармалды