Министрлик кыргызстандыктарды Израилге барбай турууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Израиль менен Иран мамлекеттеринин ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Израилге баруудан баш тартууну сунуштады.
Ал эми Израилдин аймагында жүргөн КР жарандарына этият болуп, коопсуздук чараларын бекем сактоо эскертилди.
Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жарандар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот:
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;
Израилдеги Ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498;
Тышкы иштер министрлиги: + 996999312002.
Эскерте кетсек, 13-июнга караган түнү Израиль Иранга абадан кол салды. Тегеранды кошкондо бир топ жер бомбаланган. Мунун кесепетинен Исламды коргоочулар корпусун башкарган Хосейн Салами, Хатам аль-Анбия Башкы штабынын жетекчиси Голам Али Рашиддин жана өзөктүк программа боюнча иштеген үч физик көз жумганы кабарланды.
Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи мекендештерине жасаган кайрылуусунда Израилдин Иранга чабуулун айыптап, кол салгандарды "катаал жана азаптуу тагдыр" күтүп турганын белгилеген.
Кыргызстан эки мамлекеттин ортосундагы чатакка тынчсызданып жатканын билдирип, тараптарды сабырдуулукка чакырган.
Россия ТИМи Израиль менен Иранды сабырдуу болууга чакырды