БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Сочиде өтүп жаткан "Евразия–Кинофест" сынагынын алкагында режиссер Тигран Кеосаяндын "Семь дней Петра Семеныча", фильминин гала-премьерасы болду. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Алгач Кеосаяндын жубайы, "Россия сегодня" медиатобунун жетекчиси Маргарита Симоньян сүйлөп, кыскача маалымат берди.
"Фильмди тартып жатканда бир ыйлап, бир күлгөн бир топ учурлар болду. Өзүңөр түшүнүп аласыңар деп ойлойм, фильм бирде маанай көтөрсө, бирде муңайтат... Тасма адамзат, биз, өйдөлөп калган курак, улгайган Адлер жөнүндө", — деген Симоньян.
"Семь дней Петра Семеныча" — 70 жаштагы кишинин жети күнү тууралуу баяндалган тарых. Фильмдин башында ал өпкө оорусуна чалдыкканын жана бул диагнозду Москвадан келген атактуу дарыгер гана төгүндөшү мүмкүн экенин билет. Бул жети күн ичинде башкы каарман өзүнүн өмүрүн көз алдынан өткөрүп, жыйынтык чыгарат. Бул жашоо таптакыр маанисиз, курулай өткөндөй сезилет, анткени ал үй-бүлө кура алган эмес. Бирок фильмдин аягында борбордон келген дарыгер жергиликтүү дарыгерлер койгон коркунучтуу диагнозду төгүнгө чыгарат.