Россия ТИМи Израиль менен Иранды сабырдуу болууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Иранга жасаган чабуулдарынан кийин эки тарапты сабырдуу болууга жана кырдаалды курчутуп, ири согуш отун жандырып жибербөөгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Тараптарды ачууга алдырбай жана мындан аркы кырдаалды курчутпоого, аймакты алааматтуу согушка жеткирип жибербөөгө чакырабыз", — деп айтылган алардын билдирүүсүндө.
13-июнга караган түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) ) ири масштабдагы операцияны баштап, Ирандын өзөктүк программадагы объектилерине жана аскердик буталарга чабуул болгондугун билдиришти. Аскердик куралдуу күчтөр Тегеранды кошкондо бир топ жерди бомбалаган. Мунун кесепетинен жогорку кызматтагы бир нече аткаминер көз жумганын кабарлашты. Алардын ичинде Исламды коргоочулар корпусун башкарган Хосейн Салами, Хатам аль-Анбия Башкы штабынын жетекчиси Голам Али Рашиддин жана өзөктүк программа боюнча иштеген үч физик бар экени айтылды.
Абадан аткылоого Нетензидеги өзөктүк объектилер, аталган өлкөнүн аскерлеринин жайгашкан жерлери алынган. МАГАТЭ Израилдин чабуулунан кийин бул өзөктүк объект да, Фордодогу отунду байытуу заводу да зыян тартпагандыгын билдирген.
Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи мекендештерине жасаган кайрылуусунда Израилдин Иранга чабуулун айыптап, кол салгандарды "катаал жана азаптуу тагдыр" күтүп турганын белгилеген.
Израиль Иранга чабуул койду. Көз жумгандар бар экени айтылууда