Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Аша чаап кетти". Орбан Зеленскийдин текеберлигине нааразы болду

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Kossuth радиосуна маек куруп жатып Владимир Зеленскийди жакшылыкты билбеген текебер адам деп сыпаттап, Будапешт Батыш Европа сымал Украинанын алдында тизелебей турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украина Венгриядан жардам алып жатат, дароо эле элин кабыл ала баштадык, аларга ушул жерден иштөөгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз, ушул жерден бала-чакасын багып жатышат. Бир да жолу рахмат айткыла дебедик. Ушунун баарынан кийин бизге урматтабайт деп кине коюу — аша чапкандык. Зеленский муну түшүнүшү керек", — деди Орбан.
Ал Венгрия Украинанын алдында тизе бүгүп туруп бергидей Батыш Европа эмес экенин белгилеген.
"Украинанын президенти ким экенин жакшы түшүнөбүз, украиналыктар деген ким экенин мыкты билебиз. Алардын бизге өктөм сүйлөп, текеберленүүгө укугу жок", — деген премьер-министр.
Орбандын айтымында, Киевдин ЕБге кирүүсү мүмкүн эмес, мындан улам Украина Венгриядан биримдикке кошулуу демилгесин кубаттоону талап кыла албайт.
Буга чейин Зеленский ValaszOnline деп аталган венгриялык порталга маек куруп жатып Орбандын саясатына каршылыгын билдирген. Анын айтымында, Будапешт Украинанын ички ишине кийлигишип, украин маселесин ички саясатында, негизинен 2026-жылы өтө турган парламенттик шайлоо кампаниясына пайдаланууда. Венгрия ТИМинин жетекчиси Петер Сийярто Зеленскийдин мындай билдирүүсүн Венгрияга каршы өтө одоно пропаганда деп сынга алган.
Андан мурун Орбан Брюссель Украинаны 2030-жылга чейин Евробиримдикке кабыл алууну көздөп жатканын, бирок акыркы чечимди Венгрия кабыл аларын билдирген. Анын айтымында, Украинанын биримдикке кошулушу венгр экономикасын бүлгүнгө учуратат. Мындан тышкары, Орбан Евробиримдик Украинага жардам берүүнү эмес, колониялаштырууну каалай турганын, жаңжалды улантууга мажбурлоо колониялаштыруунун бир ыкмасы экенин белгилеген. Ал Венгрия Евробиримдикти колдой турганын, бирок Украинанын тез аранын ичинде интеграцияланышына каршы экенин кошумчалаган. Орбандын айтымында, Будапешттин макулдугусуз Киев эч убакта биримдикке кире албайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мединский: Россия менен узакка согушууга болбойт, созулуп кетсе өлкө жеңип чыгат