БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ысык-Көл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген 638 миллион сомдук социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сары-Ой айылындагы мурдагы "Геолог" пансионаты жана балдардын ден соолугун чыңдоочу "Орленок" лагери 12,81 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.
Булардын базар баасы 638 миллион сом деп бааланып, мамлекетке кайтарылды.