БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Балдарды мектепке, бала бакчага негизсиз албай койгондор жазаланат. Бул тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Жогорку Кеңеш документти 30-апрелде кабыл алган. Ага ылайык, Укук бузуулар кодексине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр кирди:
окуучулардын билим алуу укуктарын бузган же мыйзамсыз чектеген учурларда эскертүү берилет. Эгерде мыйзам бузуу оңдолбосо — жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык тараптарга 17 миң сом айып салынат;
балдарды мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү уюмдарына негизсиз кабыл албай койгондорго — жеке жактарды 10-12 миң сом, кызмат адамдарын 15-17 миң сомдук айыпка жыгуу каралган;
билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга — жеке жактарга 15 миң сом, юридикалык жактарга 20-65 миң сом айып каралган.
Демилгечилер ар бир адам билим алууга милдеттүү экени, бирок иш жүзүндө ата-эненин кайдыгерлиги, диний себептер менен мектепке барбай калган балдар кездешип жатканын белгилешкен.