Радио

Адис Кыргызстандагы жерге мунапыс берүү, кызыл китеп боюнча кеңири түшүндүрүп берди

Бишкек шаарынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директорунун орун басары Чыңгыз Кемелбеков чектөө коюлган кызыл китептин маанисин түшүндүрүп берди.
Sputnik
Учурда Бишкек шаарынын аймагында жерге мунапыс берүү боюнча 30 миңден ашык арыз бар. Негизи АТРге чейин 10 874 арыз түшкөн. Бул тууралуу Чыңгыз Кемелбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мунапыстын жобосунда алгач эки жылдык мөөнөт көрсөтүлгөн.
"Мунапыс мыйзамынын жобосунда башында эки жылдык мөөнөт көрсөтүлгөн. Кийин ал мөөнөтү алынган. Мыйзамда жер мунапысы объектилерине болгон жеке менчик укугун бекитип берери көрсөтүлгөн. Министрлер кабинетинин токтому менен жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт, бирок буга чейинки түшкөн арыздын негизинде иш жүргүзүлө берет," — деди Кемелбеков.
Ал билдиргендей, код коюлган кызыл китептер көбүнчө айыл чарба багытындагы жерден трансформацияланган жерлерге тийиштүү.
"Жердин үлүш ээсинин жашыл китеби бар да. "Коду бар кызыл китеп" деген нерсе, демек, трансформацияланган айыл чарба багытындагы жердин жашыл китеби мамлекетке өтө электигин билдирет. Токтомго кирген өзгөртүүлөр боюнча жер ээсинин макулдугусуз эле жаранга кызыл китеп берилет, бирок ал чектөө менен алат. Анда үлүш ээсинин укугу да калат. Мындай шартта үй салып алган кызыл китеп ээси менен жер ээси бир пикирге келип, үлүш ээси баш тарткан арызын жазып берет же соттун чечиминин негизинде бул маселе чечилет," — деди Кемелбеков.
Ал көпчүлүк жер ээлери жашыл китебин мамлекетке өткөрүп бергенин кошумчалады.