Кыргызстанда сынамык режимде "Кордон" авторадары иштеп баштады

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстанда сынамык режимде "Кордон" авторадары иштеп баштады. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Бул радардын өзгөчөлүгү — түнкүсүн жол эрежесин бузгандарды автаматтык түрдө сүрөт, тасмага тартып, аныкталган эреже бузуусун "Коопсуз шаар" долбоорунун ишмердүүлүгүн камтыган Мониторинг борборуна жөнөтөт.
Ал ылдамдыкты ашыргандарды, карама-каршы тилкеге кирип кетип, жол чийиндерден чыккандарды, издөөдө жүргөн, айыптарын төлөбөгөн жана каттоосу убактылуу токтотулгандарды аныктайт.
Аппарат кырсыктар көп катталган жолдорго орнотулмакчы.
ЖКККББ: жакында абхаз, армян номерлүү унааларга рейд жүрөт