Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде лидер болду

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Январь-апрель айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнөр жайынын көлөмү 1,5 пайызга өстү. Бул тууралуу ЕЭКтин маалыматында айтылган.
Билдирүүгө ылайык, көрсөткүчтөр былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырылды.
Бул багытта 14,5 пайыз өсүш камсыздап, Кыргызстан озуп чыкты.
Төмөнкү мамлекеттерде да өсүш катталды:
Казакстан — 6,6 пайыз;
Беларусь — 1,4 пайыз;
Россия — 1,2 пайыз.
Ал эми Арменияда өнөр жай 16,1 пайызга төмөндөп кеткени айтылган.
Минскиде ЕАЭБдин эмгек рыногун, бирдиктүү энергетикасын өнүктүрүү талкууланат