Жайында ичеги-карын ооруларынан өзгөчө сак болуу керек. Бул тууралуу Дамирахан Чыныева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында. айрыкча мөмө-жемиш бышкан учурдан тарта ичеги-карын инфекциясына чалдыгып ооруканага түшкөн бейтаптардын саны көбөйөт.
"Жай мезгилинде ичеги-карын оорулары күчөйт. Алгачкы мөмө-жемиш бышкан учурдан тарта бул дартка чалдыккандар көбөйөт. Арасында оор абалда түшкөндөрү да бар. Бул оору кир кол менен тамактануу, бузулган тамак-ашты жегенде, кайнатылбаган сууну ичкенде жугат. Айрыкча жайында ачыган тамак-ашты жеп алып ууланып түшкөндөр көп. Массалык түрдө. Ууланганда алгач дене табы көтөрүлүп, өзүн начар сезип, 3-5 сааттан кийин куса баштайт. Улам-улам кусуп, кан басымы түшүп кетип каза болуп калгандар бар. Мындай учурда жылуу суу менен ашказанды тазалаш керек", — деди Чыныева.
Ошондой эле ал ичеги-карын ооруларынан сактануунун негизги чаралары тазалыкты сактоо жана эскирген тамак-аштан баш тартуу экенин кошумчалады.