Кыргызстан Израиль — Иран чатагына түйшөлөрүн билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан Израиль менен Ирандын ортосундагы чатакка түйшөлүп тынчсызданып турганын билдирди.
Тышкы иштер министрлиги кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында тараптарды сабырдуулукка жана абалды курчутуп жибербөөгө чакырган.
Эскерте кетсек, 13-июнга караган түнү Израиль Иранга абадан кол салды. Тегеранды кошкондо бир топ жер бомбаланган. Мунун кесепетинен Исламды коргоочулар корпусун башкарган Хосейн Салами, Хатам аль-Анбия Башкы штабынын жетекчиси Голам Али Рашиддин жана өзөктүк программа боюнча иштеген үч физик көз жумганы кабарланды.
Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи мекендештерине жасаган кайрылуусунда Израилдин Иранга чабуулун айыптап, кол салгандарды "катаал жана азаптуу тагдыр" күтүп турганын белгилеген.
Россия ТИМи Израиль менен Иранды сабырдуу болууга чакырды