Индияда кулаган учактагы пилоттун акыркы сөзү. Кырсык боюнча соңку маалымат

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Индияда Ахмадабаддан Лондонго сапар алып кулаган Boeing 787 Dreamliner учагынын кара ящиктеринин бири табылып, аны чечмелөө милдети өлкөнүн Жарандык авиация боюнча башкы директоратына жүктөлдү. Бул тууралуу Hindustan Times жазды.
Ал арада The Telegraph учакты башкарган пилот Сумит Сабхарвал самолет кулаар алдында диспетчерлерге белги бергенин жазды.
"Mayday (кырсык белгиси — ред.) учакты көтөрүүгө мүмкүн болбой жатат", — деген пилот.
Макалада Сабхарвал буга чейин асманда 8200 саат учканы айтылды.
Hindustan Times басылмасы каргаша тууралуу соңку маалыматтарды чогулткан:
кара ящик учактын арткы бөлүгүндө болгон, экинчисин издөө уланууда;
учак болгону 190 чакырымга көтөрүлүп, учкандан кийин бир нече секундадан соң калктуу конушка кулаган;
ичиндеги 242 кишинин 230у жүргүнчү болсо, калганы экипаждын мүчөлөрү эле. Жүргүнчүлөрдүн катарында Индиянын, Улуу Британия, Португалия жана Канаданын жарандары болгону айтылды;
кырсыктан аман калган жалгыз киши азыр ооруканада дарыланууда;
каргаша болгон жерден 265 адамдын сөөгү табылды. Каза болгондордун арасында медколледждин студенттери бар;
Индия өкмөтү кырсыкты тергөө үчүн жогорку деңгээлдеги комитет түздү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жардырылышы мүмкүн. Белгороддо тепловоз рельстен чыгып кетти