"Евразия-Кинофест" эл аралык фестивалы соңуна чыкты. Видео

Россиянын Сочи шаарында "Евразия-Кинофест" II эл аралык фестивалынын жабылыш аземи болуп өттү. Иш-чарада 26 өлкөдөн даректүү жана көркөм тасмалар көрсөтүлдү.
Sputnik
Быйыл фестивалга катышкандардын саны эки эсе көп болуп, Түркмөнстан, Пакистан, Германия, Бразилия жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр келген. Кинозалдарга миңдеген көрүүчү кирди. Кыска жана толук метраждуу 53 тасма ат салышты.
Фестивалдын алкагында "Баатырлардын убагы/маалы" деген аталышта сынак уюштурулуп, анда кыргызстандык режиссерлордун "Эсимде" аттуу тасмасы жеңүүчү деп табылды.
Элзар Кадырматов менен Бектурсун Арзыматовдун фильми Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларга арналган.