БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кадр жетишсиздигинен улам 3-5 жылда медицина тармагы оор кризиске тушугушу мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Ал учурда өлкө боюнча 30-40 пайыз медицина кызматкерлери жетишсиз экенин билдирген.
"Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында дарыгерлер жетишпейт. Иштеп жаткандардын көбү пенсия жашына жетип калды. Жаштар келбей жатат", — деген министр.
Чечейбаев жаш адистерди тартуу максатында 20 миң сомго чейин кошумча төлөм киргизилгени да жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.
"Айлыктар кескин жогорулабаса, жакынкы 3-5 жылдын ичинде медицина системасы оор абалга кептелиши мүмкүн. Учурда дарыгерлер Россия, Казакстан жана Европага жумуш издеп чыгып кетип жатат. Анткени ал жактарда маяна көбүрөөк", — деген министр .
Ал дарыгерлердин орточо айлыгы 22-23 миң сом экенин, жаңы жылдан кийин медиктердин маянасы 50 пайызга көтөрүлөрүн кошумчалаган.