БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россия пилотсуз системалар үчүн өзүнчө аскердик күчтөрдүн түрүн түзүп жатат. Бул тууралуу президент Владимир Путин 2027–2036-жылдарга карата мамлекеттик куралдануу программасы боюнча кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, мындай аскерлерди тез жана сапаттуу даярдап, системаны ырааттуу өнүктүрүү зарыл.
"Каршылаш кандай аракет кылып жатканын билебиз, бирок бул жаатта артта калдык деп эсептебейм. Тескерисинче, дрон менен иштеген аскерлерди түзүүгө жетиштүү тажрыйба топтолду. Кеп кадр даярдоо, заманбап аппараттарды өндүрүү жана камсыз кылуу тууралуу болуп жатат", — деди Путин.
Президент дрондордун согушта колдонулушунун натыйжалуулугу тез өсүп жатканын белгилеп, алар душмандын техникасын, байланыш жана транспорт системаларын, ошондой эле жоокерлерин жок кыла аларын кошумчалады.
Анын айтымында, атайын операция учурунда абадан кол салуу ыкмалары кескин өзгөрдү — алардын саны, күчү жана техникалык деңгээли өстү. Өзгөчө Батышта чыгарылган дрондор жана ракеталар кеңири колдонулууда. Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү атайын операция учурунда 80 миңден ашуун коркунуч туудурган мындай куралдарды, анын ичинде 7,5 миң ракета жана реактивдүү снарядды жок кылышкан.