14-июнга карата аба ырайы

14-июнда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жмгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ишембиде жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө 28…33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 28…33, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде 20…25 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 30…32 градусту көрсөтөт.
Радио
Жай мезгилинде тамак-ашка ууланып түшкөндөрдүн саны өсөт