Өлкөдө ушул жылдын төрт айында балдар арасындагы кылмыштар 10,1 пайызга кыскарган. Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун көбү мүлккө байланыштуу болуп жатат. Ал эми жашы жете электердин кылмыштуулугу 15 пайызга төмөндөгөнү байкалды. Бирок, бул көрсөткүчтөр балдар арасында кылмыштуулук толук токтоду дегенди билдирбейт. Ошондуктан, Ички иштер министрлиги балдарды жана өспүрүмдөрдү коргоо максатында ата-энелер менен биргеликте ар түрдүү профилактикалык иш-чараларды, форумдарды өткөрүп келет. Быйылкы акыркы коңгуроо салтанаты күнү мектеп окуучулары арасында уруш-талаш же ээнбаштык көрүнүштөр катталган жок. Тилекке каршы кийинки күндөрү өспүрүмдөр менен байланыштуу кырсык же жоготуулар болуп өттү.
Бул тууралуу "Ачык кеп" программасынын коноктору маалымдашты.