Ишкерликти колдоо. Мамлекет аял ишкерлер менен чакан жана орто бизнести колдоого алат. Долбоордун шарты

Sputnik
Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Элдик Банк” ААК жана “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААК менен “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” мамлекеттик демилгесинин алкагында ишкер айымдарды жеңилдетилген насыялоо долбоорун ишке киргизүү тууралуу келишимге кол койду. Аялдарды колдоо ишкерлик долбоору 8 жыл иштеп, 12 пайыз менен насыя берилет. Артыкчылыгы күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлбайт. Ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн 8 пайыздык насыялар берилет. Бул долбоор беш жыл иштейт. Жогорудагы долбоорлордун жол-жоболору жана өлкөдөгү ишкердиктин абалы тууралуу Жайнагүл Азаматова эфирде айтып берди.