Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?

Sputnik
Кыргызстандын 10 шаарынын мэри Россияда бир жумалык окуудан өтүп келишти. Маалыматка ылайык, Москвага окууга Баткен, Балыкчы, Токмок, Кара-Балта, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кант, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Кара-Көлдүн мэрлери жөнөтүлгөн. "Калаа башчылары Россиянын президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясында "Шаарларды заманбап өнүктүрүүнү башкаруу боюнча жаңы технологиялар" деп аталган программада билимберин өркүндөтүштү. Долбоор Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин директору менен окуу жайдын ортосундагы меморандумдун алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун келечеги кандай, окуп келген аткаминерлер өз ишинде алган билимин колдонуп жатышатбы кененирээк Чүй облусунун Кант шаарынын мэри Улан Майлыбашев айтып берди.