Минскиде ЕАЭБдин эмгек рыногун, бирдиктүү энергетикасын өнүктүрүү талкууланат

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. 26-27-июнда Минск шаарында IV Евразия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу ЕЭК сайтында айтылган.
Анда эмгек рыногун өнүктүрүү, агрардык логистика жана бирдиктүү энергетикалык рынокту түзүү талкууланат.
Маселен, "Бирдиктүү эмгек рыногу: чакырыктар жана келечек" аттуу сессияда кадрлардын жетишсиздиги, адистиктерди өз ара таануу маселелери көтөрүлөт. Ал эми "Евразия агроэкспресси" аттуу панелдик талкууда айыл чарба продукцияларын ЕАЭБ ичинде жана үчүнчү өлкөлөргө ылдам жеткирүү, Иран, Кытай, БАЭ, Индия сыяктуу өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыктын кеңейтилиши боюнча кеп болот.
Дагы бир маанилүү сессияда уюмдун бирдиктүү энергетикалык рыногу боюнча сөз козголот. Тагыраагы, жаңы рыноктун эрежелери, өлкөлөр ортосундагы энергия соодасы, "жашыл сертификаттар" системасы жана инфраструктуралык даярдык талкууланат.
Россия элчиси ЕАЭБдин артыкчылыктарын санап берди