Батирлерин тартып алып, үй ээлерин психиатрияга жаткырышкан. Шектүүлөр кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жарандардын мүлкүн тартып алып жүргөн топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "кара риэлторлор" деп аталган топтун Б.Н.М. жана К.А.Б. аттуу мүчөлөрү кармалган.
Шектүү, тергөөдө белгилүү болгондой, адамдардын ишенимине кирип, батирлерин үчүнчү жактарга каттаткан. Ал эми эки үйдүн ээсин психиатриялык ооруканага жаткырып коюп жүргөн. Анын бирөө афган согушунун катышуучусу болсо, башкасы шектүүлөрдүн биринин эжеси экени белгиленди.
Ошондой эле шектүү шериги менен Жалал-Абаддын тургунун коркутуп үйүн тартып алышканы, кысымдан улам жабырлануучу каза болгону айтылган. Дагы бир эпизоддо шектүүлөр жасалма нике күбөлүгү аркылуу маркумдун үйүн ээлеп алып, мураскор үйсүз калган.
Тергөө кылмышка айрым жетекчилер менен медиктердин тиешелүүлүгүн текшерип жатканы кошумчаланды.
УКМК жогоруда аталган адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандарды төмөнкү номерлерге кайрылууга чакырат:
(03722) 5-60-49, (0556) 06-18-83.
ШИИБ: Ошто абактагы уулун чыгарып беребиз деп акча алган шылуун кыздар кармалды