Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: Россия менен Украинанын жаңжалы — пилотсуз учактардын согушу

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды учкучсуз учактардын согушу катары сыпаттады. Бул тууралуу ал Pod Force One подкастынын эфиринде билдирген.
Ал Россия — Украина жаңжалын мисал келтирип, учкучсуз учактардын маанилүү ролун белгиледи.
"Эгерде биз токтотууга аракет кылып жаткан Россия менен Украинанын ортосундагы коркунучтуу согушту карай турган болсок, бул пилотсуз учактардын согушу экенин байкайбыз", — деди Трамп.
Америкалык лидердин айтымында, мындан бир нече жыл мурун эле учкучсуз учуучу аппараттар мынчалык күчтүү жана натыйжалуу куралга айланарын көпчүлүк элестете алган эмес.
"Дрон мынчалык күчтүү курал болот деп ким ойлогон эле? Ал көптөгөн башка куралдардын, жадагалса учактардын да ордун басат", — деди Трамп.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин бир катар тармактарда россиялык учкучсуз учактар дүйнөдөгү эң алдыңкылардын катарына кирерин жана чет мамлекеттер аларды көчүрүп алып жатканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мединский: Россия менен узакка согушууга болбойт, созулуп кетсе өлкө жеңип чыгат