Владимир Путин элин Россия күнү менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин элин Россия күнү менен куттуктады. Кайрылуунун текстин Кремль жарыялады.
Ал белгилегендей, бул күн терең сезимдерди ойготуп, жүрөктөрдө жылуулук менен сүйүүнү пайда кылып, бийик жетишкендиктерге, жаратмандыкка жана жеңиштерге шыктандырат.
"Сиздерди Россия мамлекетинин кубаттуу, үзгүлтүксүз, миң жылдан ашык басып өткөн жолун, тарыхын, маданиятын, кайталангыс жаратылыш байлыгын, аймактардын көп түрдүүлүгүн жана өзгөчөлүгүн символдоштурган, көп улуттуу элибиздин жалпы тагдырын белгилеген майрам менен чын дилимден куттуктайм", — деди Путин.
Ал Ата Мекенге болгон камкордук, жакшы мамиле жана чын жүрөктөн берилгендик анын күчүн, көз карандысыздыгын чыңдай турганын белгиледи.
"Бүгүн биз майрамдап, ошол эле учурда оор чакырыктарга жооп берип, чындык менен адилеттүүлүктү коргоп, салттуу баалуулуктарыбызды бийик тутуп, алдыбызга өнүгүүнүн масштабдуу максаттарын ишенимдүү коюу менен бирге кадам сайын жаңы бийиктиктерди багындырып жатабыз. Биз Россиянын индустриялык, технологиялык жана илимий кубаттуулугун жогорулатып келебиз", — деди РФ президенти.
Салтка ылайык, Кремль сарайынын Георгий залында Россия Федерациясынын Эмгек Баатыры алтын медалдарын жана 2024-жылдагы Россия Федерациясынын илим жана техника, адабият жана искусство жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Садыр Жапаров Владимир Путинди жана орус элин Россия күнү менен куттуктады