1991-жылы СССР ыдырагандан кийин өлкөлөр дипломатиялык байланыш түзүшкөн. 1992-жылы достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлган. Россия Кыргызстанга күйүүчү май, азык-түлүк жана техника жеткирип жардам көрсөтө баштаган.
Баткен коогалаңы учурунда Москва Бишкекти техника, курал-жарак, чалгын маалыматтары менен камсыздап, саясий колдоо көрсөткөн. 2003-жылы Кантта ЖККУнун авиабазасы жайгаштырылган.
2000-жылдардын башынан тарта экономикалык кызматташтык күчөгөн: Россия эмгек миграциясынын негизги багыты болуп, күйүүчү май бажы төлөмүсүз жеткириле баштаган. 2015-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирди.
COVID-19 пандемиясы учурунда Россия дарыгерлерди жиберип, вакциналарды берип, карызды кечкен. 2005-жылдан бери жалпысынан болжол менен 750 миллион доллар карыз кечирилген.
Маданий кызматташтык да уланган: 2021-жылы Бишкекте Россиянын маданият күндөрү, 2024-жылы Москва менен Санкт-Петербургда Кыргызстандын маданият күндөрү өткөн. 2025-жылы эки өлкө Жеңиштин 80 жылдыгын бирге белгилеп, кыргыз аскерлери Кызыл аянтта парадда басышты.
Мамилелер экономика, коргонуу, маданият жана гуманитардык чөйрөдө өнүгүүдө.
Тема боюнча: