Нарында аялды кылмышка мыйзамсыз айыптады деген милиционер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Нарында кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган шаардык ИИБдин кызматкери кармалганын УКМК билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, милициянын лейтенанты алдамчылыкка шектелген жарандан 180 миң сом алган. Тартип сакчысы шектүү аял өзү алдамчыларга алданып, алардын таасири менен иш кылганын эске албастан кылмышка айыптаган.
Мындан тышкары, милиция кызматкери кылмышка тиешеси жок Т.О.Т. аттуу жарандын банктык эсебиндеги 181,4 миң сомун мыйзамсыз тартып алган деп айыпталууда.
"Милиционер соттун чечимдерин кыйгап өтүп, үч жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары 361 миң 409 сомду мыйзамсыз бөлүштүргөн. Андан соң тараптар жарашты деген жасалма протокол түзүп, кылмыш ишин жаап салган", — деп айтылат маалыматта.
К.у.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Батирлерин тартып алып, үй ээлерин психиатрияга жаткырышкан. Шектүүлөр кармалды