БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кинематография мамлекеттен буга чейин 80 миллион сомго каржыланып келсе, быйыл 951 миллион сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан III эл аралык кинофестивалдын ачылышында билдирди.
Белгилей кетсек, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жатат. Касымалиев фестиваль Борбор Азиядагы кинематографияны өнүктүрүү үчүн жакшы аянтча экенин, учурда кино тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
"Үч жыл мурун бул тармакка болгону 80 миллион сом каралса, быйыл 951 миллион сом бөлүндү", — деди ал.
Касымалиев кыргыз киносу 60-70-жылдары "кыргыз керемети" деген ат менен өз доорунун сыймыгына айланганын эскерип, ошол алтын доордогу дух азыркы жаңы муундагы режиссёрлордо жанданып жатканын белгиледи.
"Кыргыз киносу элдин руханий жашоосунда ар дайым өзгөчө орунда болуп келген. Бүгүн да бул миссия уланууда. Идеялар менен демилгелер мамлекет тарабынан колдоого алынат", — деди ал.
Фестивалдын баш байгеси — "Ак илбирс" же "Жаабарс" статуэткасы. Фестиваль 15-июнга чейин уланат.