БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстанда тамекинин салыгын жыл сайын 25 пайызга көтөрүү сунушталды. Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин депутаттары менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуууда белгилүү болду.
Жолугушууга депутаттар Данияр Төлөнов, Талайбек Масабиров, Айсаракан Абдибаева, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев да катышканы белгиленди. ДССУ өкүлдөрү тамекинин зыяндуулугу боюнча презентация жасап, анын салыгын жылына 25 пайызга көтөрүү сунушун берди.
"Сунуш кабыл алынса алдыдагы үч жылда тамеки сатуу 17 пайызга, чылым тартуу 28 пайызга кыскармак. Ал эми анын кесепетинен болгон өлүм да азаят. Тагыраагы, 40 миң адамды өлүмдөн сактап калууга болот, бюджетке да каражат түшөт", — дешкен уюмдун өкүлдөрү.
Комитет төрагасы Төлөнов сунушту колдой турганын белгилеп, өлкөдө тамекинин баасы арзан, жеткиликтүү экенин айткан.
"Тамекинин акциз салыгы 32 пайыз, бул ДССУ сунуштагандан эки эсе төмөн. Мындан улам салык саясатын өзгөртүү талап кылынат. Бирок бааны кескин көтөрүүнүн тобокелчилиги бар. ЕАЭБдин аймагында эркин ташылуучу товар болгондуктан тамеки аткезчилиги күч алып кетиши ыктымал", — деген Төлөнов.