Бишкекте 8 жаштагы баланын ашказанынан 10 сомдук монета чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкекте дарыгерлер 8 жаштагы баланын ашказанынан 10 сомдук монетаны алып чыгышты. Бул тууралуу Саламатык сактоо министрлиги кабарлады.
Операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жакында алынган SonoScape 550 маркасындагы эндоскоп менен жасалганы айтылды.
Медиктер бала жакшы болуп үйүнө чыгарылганын, негизи эле жумасына 3-4 баладан ар кандай буюмдар алынарын кошумчалашкан.
Эске салсак, бул эндоскопту жакында эле дарыгерлердин кайрылуусу боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алып берген.
Эми дары-дармекти атайын мобилдик тиркеме аркылуу издесе болот