БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. АКШнын мамкатчысы Марко Рубио россиялыктарды Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анда Украинада тынчтыктын орношу Россия менен АКШнын алакасын жакшыртарына ишеним артылган.
"Америка элинин атынан Россия күнү менен куттуктайм. АКШ Россия элинин жаркын келечекке болгон умтулуусуна колдоо көрсөтүүгө даяр. Ошондой эле бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, АКШ Россия менен конструктивдүү кызматташууга дилгир экенин жана бул кызматташтык Россия менен Украина ортосундагы узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга өбөлгө болоруна ишенерин дагы бир жолу ырастайбыз", — деп айтылат куттуктоодо.